ОшМУда ПО курамынын окуу-методикалык документациясына мониторинг кызуу уланууда
04:35
21-11-2025
70
Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамдын 2025–2026-окуу жылына карата окуу-методикалык документациясынын даярдыгына мониторинг жигердүү жүргүзүлүүдө.
Бул жума ичинде, 2025-жылдын 17–21-ноябрында, университеттин бир катар институт, факультет жана колледждеринде комиссия иш алып барды. Тактап айтканда:
- 17-ноябрда – ФМАКИнин кыргыз жана орус филология бөлүмдөрүндө,
- 18-ноябрда – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде, Кыргыз-кытай факультетинде жана Курулуш колледжинде,
- 19-ноябрда – Финансы-юридикалык колледжинде,
- 20-ноябрда – Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда,
- 21-ноябрда – Эл аралык билим берүү программалары колледжинде профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык документациялары каралды.
Мониторингдин жүрүшү кызуу, активдүү жана пайдалуу өтүп, натыйжалуу жыйынтыктарды берүүдө. Көпчүлүк окутуучулар өздөрү билбей келген маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү алып, суроолоруна жооп алышып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Ал эми кийинки жумада дагы ОшМУнун калган структураларында мониторинг улантылмакчы.