доцент Бугубаева Махабат Миталиповна ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун жүрүшүндө аткарылган илимий иштерге активдүү алып барып, жогорку көрсөткүчтөргө жеткени үчүн диплом менен сыйланды.
07:52
21-11-2025
68
Бүгүн, 2025-жылдын 18-ноябрында, Эл аралык илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча илимпоз-окутуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Эл аралык медициналык факультетинин Клиникалык дисциплиналар 2 кафедрасынын башчысы, доцент Бугубаева Махабат Миталиповна ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун жүрүшүндө аткарылган илимий иштерге активдүү алып барып, жогорку көрсөткүчтөргө жеткени үчүн "Саламаттыкты сактоого багытталган мыкты долбоор–2025" номинациясында диплом менен сыйланды.
Сыйлыктын алкагында "ВИЧ-инфекциясын энеден балага жугуу жолун алдын алуу жана ВИЧ-инфекция аныкталган аялдардан төрөлгөн балдардын ден-соолугунун калыптанышы" аттуу ички гранттык долбоор мыкты долбоор катары таанылып, анын жетекчиси Бугубаева Махабат Миталиповна да акчалай сыйлык менен сыйланды.
Бул жеңиш илимий ишмердүүлүктөгү жогорку деңгээлди, жоопкерчиликти жана саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө болгон чоң салымды тастыктады.