ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары колледжи жана «SHo» жана “Education for All” окуу борборлору ортосунда кызматташтык тууралуу келишим түзүлдү.
Аталган келишимдин негизинде 050720 «Котормо иши» адистигинин студенттеринин практикалык окуулары «SHo» жана “Education for All” окуу борборлору өтөт.
Бул дуалдык билим берүү системасынын алкагында студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн арттырат.
Дуалдык билим берүү – бул кесиптик окутуунун модели болуп, анда теориялык сабактар жогорку окуу жайында өтсө, практикалык тажрыйбалар түз өндүрүштө, ишкананын базасында өздөштүрүлөт. Бул демилге адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталып, келечекте жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт.