Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын окутуучулары Бекиева Э.Ж., Султаналиева Н.Ш., Исламова У.Б., Сакибаев К.Ш., Талайбек уулу Т., Эсенали кызы Г. 2025-жылдын 20-21-ноябрь күндөрү Фергана мамлекеттик техникалык университетинде «Адамдык капиталды жана технологиялык инновацияларды өнүктүрүү, климаттык көйгөйлөрдү чечүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүү» темасында өткөрүлгөн Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.