Германиядан келген иш берүүчүлөр студенттер менен жолугушуу өткорүштү
15:51
22-11-2025
105
2025-жылдын 18-ноябрь күнү Ош МУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтуна Германиядан келген иш берүүчүлөр Алехандер Цупанз – Германиядагы Фольсфаген заводунун эйчар-менеджери жана Ондер Юксель – Германиядагы «Глобал Рекрут ГМБХ» акционердик коомунун генералдуу директору студенттер менен жолугушуу өткорүштү. Анда студенттер кызыккан суроолорго иш берүүчүлөр жооп беришип кызуу талкуу болду. Бил иш чарада Самара Джурабаеванын Немец Академиясынын негиздөөчүсүнүн ролу өтө чоң.
Мындан сырткары, делегация ОшМУнун ректору менен жолугушуп, кийинки кызматташууну талкуулашты.
PS: Эскерте кетсек Немец Академиясы ар жылы студенттердин жайкы каникул убагында 1000ден ашуун студентти Германияга кесиби боюнча “Ферейн-Жоб” ж.б. программалар менен иштеп келүүгө жөнөтөт. Ошол студенттердин 50-60%га жакыны ОшМУнун студенттери.