Жанылыктар

Сертификат тапшыруу аземи

2025-жылдын октябрь-ноябрь айларында ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинин окутуучуларына “Билим берүүдөгү менеджмент” боюнча 144 сааттык курс уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бүгүн аталган курсту бүтүргөн катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул курс билим берүү мекемелеринде башкаруу маданиятын жогорулатуу, эффективдүү стратегияларды колдонуу жана лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Курсту окуткан тренерлер: Келдибекова Аида Осконовна – п.и.д., профессор Алтыбаева Мейликан Алтыбаевна – п.и.к., доцент Саматова Элвира Эскедеровна – э.и.к., доцент Авазова Элнура Токтогуловна – улук окутуучу Эл аралык кызматташтык – сапаттуу билимдин ачкычы!
102 03:38 24-11-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|