20.11.2025. TOП-20 студенттердин катарына кирген Жеңишбекова Сайкалга сыйлык ыйгарылды
06:20
24-11-2025
75
2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен жогорку академиялык көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин ФА-1-24 тайпасынын студенти Жеңишбекова Сайкал ОшМУнун эң алдынкы TOП-20 студенттеринин катарына кирип, 10 000 сомдук сыйлык сертификаты менен сыйланды.
Кыргыз-Кытай факультети Жеңишбекова Сайкалды жетишкен ийгилиги менен куттуктайт.
Сайкалдын окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, тынымсыз эмгеги жана билимге умтулуусу факультет тарабынан жогору бааланат. Анын жогорку академиялык жетишкендиги — талыкпай жасаган аракетинин натыйжасы жана студенттик коомчулук үчүн үлгү болчу көрсөткүч.
Факультет Жеңишбекова Сайкалдын мындан аркы окуусунда да ийгиликтер жаратып, илимий-изилдөө багытында жана кесиптик өсүүсүндө жаңы жетишкендиктерге жетерине ишеним артаарын билдирет.
Келечектеги максаттары ийгиликтүү ишке ашып, билим жолундагы жетишкендиктери мындан ары дагы улантылсын.