Эл аралык толеранттуулук үчүн фондунун колдоосунда (19.11.2025) Араван районунун С. Юсупова айыл аймагындагы С.Шарипов мектебинде соцпедагогдор, ата-энелер, активдүү жарандар, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлдөрү үчүн “Урмат-сыйга негизделген баарлашуу – ишенимдүү үй-бүлөлүк мамилеге” байланышкан жолугушуу-иш-чарасы болду. Мында катышуучулар Сый-урматка негизделген мамиленин баалуулугун сезишип, мындай баарлашуунун үлгүлөрүн өздөштүрүштү. Жагымдуу баарлашуу ынтымактуу жашоо гана эмес, өнүгүүнүн ачкычы экенин белгилешти. Алар уюштуруучуларга, тренер Т.А. Джороевге ыраазычылыктарын билдиришип, үйрөнгөн ыкмаларды жашоосунда пайдаланарын айтышты.