Эл аралык толеранттуулук үчүн фондунун колдоосунда Араван районунун С. Юсупова айыл өкмөтүнүн конференция залында (19.11.2025) соцкызматкерлер, активдүү айымдар, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, жергиликтүү жарандар, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Позитивдүү тарбия: Урмат-сыйга негизделген баарлашуу – ишенимдүү үй-бүлөлүк мамиле” темасындагы иш-чара болду. Катышуучулар жагымсыз баарлашуунун себептерин аныкташып, видео-тасманын негизинде сый-урматты, жагымдуу мамилени калыптандыруучу баарлашуу ыкмаларын талдап, аны өздөштүрүштү. Жыйынтыгында:
- Балдарыма башкача мамиле жасайм;
- Кесибимде колдономун;
- Үй-бүлөдө сүйлөшүп жатканда колдономун;
- Бардык адамдар менен баарлашууда колдонсо болот;
- Мамилени жакындата турган ыкма экен;
- Мындай баарлашуу болсо жашоо жеңил, кызыктуу болот;
- Таарынышуу азайят;
- Мамилени бузуп алган адамдар менен эми башкача жакын мамиле түзөмүн ж.б.у.с. пикирлерин билдиришти.
Уюштуруучуларга, тренер Т.А. Джороевге ыраазычылыктарын айтышты.