Новости

Ош мамлекеттик университетинин 520200 Биология багытынын докторанты (PhD) Маткеримова Фатима Фергана мамлекеттик университетинде илимий-изилдөө стажировкасын өтүп келди

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окутуучусу, 520200 Биология багыты боюнча докторант (PhD) Фатима Маткаримова 2025-жылдын 6-ноябрынан 9-ноябрына чейин доктордук программанын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин зоология жана жалпы биология кафедрасында илимий стажировкада болуп, аталган кафедранын доценти Шералиев Бахтиёрдун (чет элдик илимий жетекчиси) жетекчилигинде диссертациялык ишинин алкагында балыктарды изилдөө методдору, жарык көргөн илимий эмгектер жана аткарылуучу илимий иштердин планы боюнча пикир алышуу ишке ашты. Иш сапардын алкагында 7-8-ноябрь күндөрү белгилүү окумуштуу В.Махмудовдун 75 жылдыгына арналган «Өзбекстанда ботаника илиминин өнүгүү перспективалары жана көйгөйлөрү» аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, илимий баяндама жасады. Конференциянын илимий эмгектеринин жыйнагына «Кемпир-Абад бассейнинин дарыяларынын төмөнкү агымында байырлаган Carassius gibelio түрүнүн морфологиялык мүнөздөмөсү» аталышындагы макаласы жарыяланды.
243 10:23 24-11-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|