News

Ош мамлекеттик университетинин 2-курсунун 520200 Биология багыты боюнча философия доктору (PhD) окумуштуу даражасын изденип алуучусу, Фергана мамлекеттик университетине илимий-изилдөө стажировкасын өтөө.

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окутуучусу, 520200 Биология багыты боюнча философия доктору (PhD) окумуштуу даражасын изденип алуучусу Фатима Маткаримова 6-ноябрдан 9-ноябрга чейин доктордук программанын алкагында тышкы илимий жетекчиси — Фергана мамлекеттик университетинин доценти Шералиев Бахтиёр Махмутали угли менен биргеликте, илимий-изилдөө стажировкасын өтөө максатында барып келди.

Иш сапардын алкагында көрүнүктүү ботаник В.Махмудовдун 75 жылдыгына арналган “Өзбекстанда ботаника илиминин өнүгүү перспективалары жана көйгөйлөрү” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын окумуштуулары Орунбек Коланов, Болот Каримов, Айназик Боронбаева, Орозбай Маматкулов, Аида Дурсунбаева, Жазгүл Абдырахмановалар менен биргеликте зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окутуучусу Фатима Маткаримовалар 7-8-ноябрь күндөрү иш-чарага катышышты.

Пленардык жыйында доцент Орунбек Коланов “Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү” темасында, калган окутуучулар секциялык жыйындарда баяндама жасашты.

205 10:23 24-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|