News

ОшМУнун профессор-окутуучулары ФерМУда өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты жана студенттерге конок лекцияларды өтүштү

2025-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын жана Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын профессор-окутуучулары Орунбек Коланов, Болот Каримов, Айназик Боронбаева, Орозбай Маматкулов, Аида Дурсунбаева, Фатима Маткаримова, Жазгүл Абдырахманова жана аспирант-магистранттары Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинде көрүнүктүү ботаник окумуштуу В.Махмудовдун 75-жылдыгына арналган “Өзбекстанда ботаника илиминин өнүгүү перспективалары жана проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Пленардык жыйында доцент О.Коланов “Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгү” темасында, ал эми калган окутуучулар секциялык жыйындарда доклад жасашты. Бул сапардын алкагында профессордук-окутуучулук курам академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Фергана мамлекеттик университетинин студенттерине конок лекцияларды өтүштү, ал эми магистранттар жана аспиранттар ФерМУнун профессор-окутуучуларынын сабактарына катышышты. Иш сапардын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасындагы бир катар жогорку окуу жайларынын тектеш кафедралары менен кызматташтык маселелери талкууланды.
74 04:05 25-11-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|