Новости

иш берүүчүлөр менен НББПны талкуулоо

2025-жылдын 24-ноябрь күнү иш берүүчүлөр менен негизги билим берүү программаларын талкуулоо уюштурулду. Алгач Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков сөзгө чыгып, НББП менен тааныштырды. НББПны талкуулоо негизинен өндүрүштөн келген иш берүүчүлөр менен уюштурулуп, 640200-Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча окуп жаткан жана бүтүп жаткан студенттерди иш орду менен камсыздоо жана аларды практикага кабыл алуу маселелери боюнча жүрдү. Төмөнкү иш берүүчү мекемелерден окүлдөр катышты. Алар: Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары А.А. Топчубаев, Ош райондук электр тармактары ишканасынын башчысы А.К. Самидинов, ОшЭТИнин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн алдынкы инженери Б.А. Токторбаев, "Бекстрой" ЖЧКнын башкы инженери Э.К. Олжобаев, "Пуск" ЖЧКнын жетекчиси Ж.А. Ожорбаев жана Энергетика кафдрасынын курамы катышышты.
73 05:31 25-11-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|