Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун
студенттери 2024-2025-окуу жылындагы окуудагы жогорку көрсөткүчтөрү жана
активдүү эмгектери үчүн сыйлыктарга ээ болушту.
1. Гуламова Таттыбүбү, Х(б)-1-22 тайпасынын студенти, окуудагы
жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн "Атуулдук
стипендиясына" ээ болуп, 8 ай бою 12 000 сом өлчөмүндө стипендия алмакчы.
2. Кадырали кызы Айбийке, Т(м)-1-24 тайпасынын магистранты, Өзүнүн
илимий-тажрыйбалык жетишкендиктери жана жигердүү студенттик жашоосу менен
айырмаланып, ОшМУнун эң алдыңкы 20 студентине кирип, 10 000 сомдук
сертификат менен сыйланды.
3. Исматилла кызы Жасмина, Х(б)-1-22 тайпасынын студенти, Президенттин
"Үмүт" стипендиясынын ээси болгондугу үчүн ОшМУнун ректору, профессор К.Г.
Кожобековдун Ыраазычылык баракчасын алды.
Институт жамааты студенттерди бул жеңиштери менен куттуктайт жана окууда,
илимде, чыгармачылыкта дагы да ийгиликтерди каалайт!











