Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата адистер менен студенттердин маалыматтык жолугушуусу
09:25
25-11-2025
81
Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн алкагында коомдук саламаттыкты сактоо жана эпидемиология, инфекциялык оорулар курсу менен микробиология кафедралары Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте Кыргыз–Кытай факультетинин студенттери үчүн жолугушуу уюштурду.
Иш-чарада аталган борбордун адистери — врач-эпидемиолог Маматалиева Толгонай Маматалиевна жана врач-эпидемиолог Шарабидин кызы Нурзина студенттерге ВИЧ/ЖИТСтин алдын алуу, коопсуз жүрүм-турум, туура маалыматтын жана эрте аныктоонун мааниси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.