Haber

Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө арналган студенттер менен адистердин маалыматтык жолугушуусу

Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнүн алкагында коомдук саламаттыкты сактоо жана эпидемиология, инфекциялык оорулар курсу менен микробиология кафедралары Ош облустук ВИЧ/СПИД жана кан аркылуу жугуучу гепатиттерди көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте Кыргыз–Кытай факультетинин студенттери үчүн жолугушуу уюштурду. Иш-чарада врач-эпидемиологдор Маматалиева Толгонай Маматалиевна жана Шарабидин кызы Нурзина студенттерге ВИЧ инфекциясынын алдын алуу, коопсуз жүрүм-турум жана эрте аныктоонун мааниси тууралуу маалымат беришти.
90 09:25 25-11-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|