Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУнун ТТДТТжАТ институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Б.А. Каримов 2025-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Ташкент мамлекеттик агрардык университетинин «Экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо» адистигинин 3-4-курстарынын студенттерине «Экология» предметинен конок лекцияларды окуду.
Конок лекциялар «Кыргызстандагы экологиялык абал» темасында өтүп, климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, учурдагы көйгөйлөр жана Кыргызстандын табиятынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды камтыды. Бул лекциялар студенттердин жана магистрлердин кызыгуусун арттырды.