Занманбап психологиянын негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» аттуу Эл аралык форум өттү.
05:57
27-11-2025
7
2025-жылдын 21-ноябрында Манас шаарында «Мигрант үй-бүлөлөрүндөгү зомбулуктун психологиялык кесепеттери: балдарды колдоонун илимий ыкмалары» аттуу темада II Эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары, практик-психологдору, окутуучулары жана студенттери катышты.
Форумдун жүрүшүндө заманбап психология илиминдеги негизги көйгөйлөр, эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү, психологиялык ден соолукту чыңдоо, билим берүү жана социалдык чөйрөгө психологиялык ыкмаларды натыйжалуу интеграциялоо сыяктуу актуалдуу темалар талкууланып, катышуучуларга тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк берилди. Форумдун жыйынтыгында академиялык чөйрө жана практик адистер үчүн конкреттүү сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле мындан аркы илимий изилдөөлөрдүн жана региондор аралык кызматташуунун багыттары аныкталды. Форумга социалдык иштер кафедрасынан соц.и.к., доцент Д.А. Рустамова, филос.и.к. Д.Ш. Азизова, улук окутуучу И.Б. Карабаевалар катышып келишти. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди.