Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда спорттун 6(алты) түрү боюнча XXXIII спартакиада 2025-жылдын 28-ноябрь күнү старт алды.
А дегенде эле ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышууну колго алып спорттун БАСКЕТБОЛ түрү боюнча 40 ЖАШТАН ЖОГОРКУ АГАЙЛАР ортосундагы мелдеште I ОРУНДУ багындырышып ЧЕМПИОНДУК наамды илип кетишти.
Алга ОшМУ, Алга ЭБжМ институтунун курама командасы!
Мындан кийинки боло турган оюндарда дагы ийгилик жаратып ЧЕМПИОНДУК наамды татыктуу коргоп беришиңиздерге тилектешпиз.