Новости

Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамдын 2025–2026-окуу жылына карата окуу-методикалык документациясынын даярдыгына мониторинг кызуу жүрүп жатат.

Бул жумада да Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамдын 2025–2026-окуу жылына карата окуу-методикалык документациясынын даярдыгына мониторинг уланды. 2025-жылдын 24–28-ноябрь күндөрү университеттин бир катар институт, факультет жана колледждеринде комиссия мүчөлөрү өз ишин улантышты. Тактап айтканда: - 24-ноябрда – ФМАКИнин кыргыз жана орус филология бөлүмдөрүндө, - 25-ноябрда – Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде, Кыргыз-кытай факультетинде жана Курулуш колледжинде, - 26-ноябрда – Финансы-юридикалык колледжинде, - 27-ноябрда – Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, - 28-ноябрда – Эл аралык билим берүү программалары колледжинде профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык документациялары каралды. Мониторингдин жүрүшү кызуу, активдүү жана пайдалуу өтүп, натыйжалуу жыйынтыктарды берүүдө. Көпчүлүк окутуучулар өздөрү билбей келген маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү алып, суроолоруна жооп алышып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Ал эми кийинки жумада дагы ОшМУнун калган структураларында мониторинг улантылмакчы.
78 13:13 29-11-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|