News

«Евразиялык мейкиндикте билим берүү интенсивдерин уюштуруу боюнча компетенцияларды өнүктүрүү»

Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана юридика институтунун Мамлекет жана укук теориясы менен тарыхы кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору Татенов Марат Бейшембекович жана Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши кафедрасынын улук окутуучусу Жусупбаев Куштарбек Курманбаевич Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Башкаруу университетинин (Мамлекеттик башкаруу университети) базасында 2025-жылдын 21–26-ноябрында тажрыйба алмашууда болушту. Аталган тажрыйба алмашуу «Евразиялык желе университети» илимий-билим берүү консорциумунун чет өлкөлүк билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн тажрыйба алмашуу программасынын алкагында «Евразиялык мейкиндикте билим берүү интенсивдерин уюштуруу боюнча компетенцияларды өнүктүрүү» темасы менен уюштурулду. Бул тажрыйба алмашууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын окутуучулары академиялык мобилдүүлүктүн алкагында катышышты. Программанын жүрүшүндө катышуучулар «ЕАЭБдин модели», «Бизнес-аксиома» интерактивдүү тренингдерине жана ишкердик оюндарга катышышты. Ошондой эле Башкаруу университетинин, О.Е. Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинин (МЮА) жана Евразиялык экономикалык комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, келечектеги биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашышты. Тажрыйба алмашуунун жыйынтыгында катышуучулар тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
56 03:40 01-12-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|