Haber

STEM инновациялык колледжинде ОМКлардын сапатын текшерүү.

STEM инновациялык колледжинин окутуучуларынын окуу методикалык документацияларын абалына анализ жүргүзүлдү. Бугун 26-ноябрь күнү STEM инновациялык колледжинде окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери тарабынан окутуучулардын окуу-методикалык комплекстерин (ОМК) пландуу түрдө текшерүүдөн өткөрүү иш-чарасы уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — окуу-методикалык документтердин мамлекеттик билим берүү стандарттарына, НКББП нын талаптарына жооп берүү болуп саналат. Текшерүү учурунда адистер ОМКлардын түзүмдүк толуктугун, мазмундук өзөктүүлүгүн, билим берүүнүн компетенттик моделине ылайык болушун, ошондой эле окуу процесси үчүн колдонулган методикалык ыкмалардын илимий-педагогикалык негиздүүлүгүн талдады. Мындан тышкары, студенттердин өз алдынча ишин уюштурууга арналган материалдардын сапаты, баалоо жана көзөмөл механизмдеринин тактыгы да өзүнчө каралып чыкты. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында адистер окутуучуларга бир катар методикалык сунуштар менен көрсөтмөлөрдү берип, ОМКларды мындан ары өркүндөтүү багыттары белгиленди. Бул иш-чара колледждеги окутуунун академиялык сапатын жогорулатууга, методикалык базаны системалуу жакшыртууга жана билим берүү процессин модернизациялоого салым кошуучу маанилүү кадам болуп эсептелет.
81 04:08 01-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|