Haber

"Студент жана илимий- техникалык прогресс" аталышында Xll эл аралык студенттердин илимий конференциясы болуп өттү.

2025- жылдын 29- ноябрында ОшМУда "Студент жана илимий- техникалык прогресс" аталышында Xll эл аралык студенттердин илимий конференциясы болуп өттү. Анда медицина факультетинин СТ-1-25 агымынын студенттери Жигитова Зинаида менен Исмаилова Тахмина учурдагы актуалдуу маселени көтөргөн "Бейтапты дарылоодогу кептин ролу" аттуу темада баяндама жасап, сертификатка ээ болушту. Мазмунунда актуалдуу маселени камтыгандыгы менен баяндама көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Илимий жетекчиси - филология илимдеринин кандидаты, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти С.Давлатова.
59 04:30 01-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|