News

ОшМУда "Студент жана илимий- техникалык прогресс"

2025- жылдын 29- ноябрында ОшМУда "Студент жана илимий- техникалык прогресс" аталышында Xll эл аралык студенттердин илимий конференциясы болуп өттү. Анда педагогика, искусство жана журналистика институтунун ПБ1-25 агымынын студенти Калдарбекова Неля учурдагы актуалдуу маселени көтөргөн "Балдардын сүйлөө кебиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ыкмалар" аттуу темада баяндама жасап, сертификатка ээ болду. Мазмунунда актуалдуу маселени камтыгандыгы менен баяндама көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Илимий жетекчиси - филология илимдеринин кандидаты, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти С.Давлатова.
46 10:01 01-12-2025

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|