Педагогика кафедрасынын "Креатив хаб" кружогу Андижанда өткөн эл аралык фестивалга катышты
10:06
01-12-2025
52
2025-жылдын 29-ноябрь күнү ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы доцент Г. Жутанова, улук окутуучу Г. Жакупова, окутуучулар Ж. Маматова, А. Жусупова, М. Сүйүнбаева, А. Самиева жана философия кафедрасынын доктору Ө. Акматов менен биргеликте "Креатив хаб" кружогунун студенттери Андижан мамлекеттик чет тилдер институту уюштурган эл аралык фестивалга катышып кайтышты.
Эл аралык фестивалдын максаты окуу жайлар арасында кызматташтыкты чыңдоо, улуттар аралык достукту өнүктүрүү жана маданият аралык байланышты бекемдөө максатында уюштурулган. Жалпысынан 14 өлкөдөн келген коноктор жана студенттер катышкан фестивалдын программасы коноктордун куттуктоолору, улуттук маданий салты жана улуттук тамактардын көргөзмөсү, оюн-зооктор менен коштолуп, катышуучулар үчүн маданий баарлашуунун кеңири мүмкүнчүлүгүн жаратты. Сапардын жүрүшүндө кыргыз маданиятын таанытуу жана студенттердин тажрыйбасын кеңейтүү менен улуттар аралык байланышты чындоо, эки окуу жайдын кызматташтыгын артырууга кенири мүмкүнчүлүк түзүлдү.