Кафедрабызда ВИЧ/СПИД - «Өз билиминди текшерип көр». аттуу викторина болуп отту.
10:59
01-12-2025
219
1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата “Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын окутуучулары медицина факультетинин 3-курс студенттери арасында “ВИЧ/СПИД тууралуу өз билиминди текшерип көр” викторинасын өткөрүштү. Викторинага улук окутуучу Ы.А.Перханова, октуучулар Н.Ш.Махмудова, Н.А.Жусупбаевдер сабак берген Ст-5-23, ЛК-19-23, Ст-9-23 агымдардын студенттери катышып, төмөнкү тапшырмаларды аткарышты:
1.ВИЧ/СПИД тууралуу “Базалык билиминдерин текшерүү” үчүн даярдалган тесттик суроолорго жооп беришти;
2.ВИЧ/СПИД тууралуу даярдалган суроолордун чындык же миф экендигин аргументтер менен далилдешти;
3.Кырдаалдык тапшырмалардагы аракеттердин туура же туура эместигине анализ беришип, андан аркы аракеттердин алгоритмин түзүштү;
4.ВИЧ/СПИД туралуу профилактикалык видео роликтердин максатын түшүндүрүп беришти;
Студенттердин аткарган тапшырмаларын жюрилер кафедра башчы Т.Т.Орозматов, окутуучу Н.Ж.Эрмекбаев, А.Ж.Толонбаева жана ПИжЖИнун методисти М.Б.Рахимовалар калыс баалашып, жыйынтыгында студенттер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.