Новости

ОшМУнун окутуучулары илимий конференцияда

2025-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында педагогика илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу-методист Чыманов Жеңишбек Арыповичтин 70 жылдыгына арналган “Кыргыз тили жана аны окутуунун маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын жетекчиси, доцент З.Каразакова, доцент Т.Айбашова, улук окутуучулар Г.Мамадиева, Б.Закирова, А.Осмоновалар катышып келишти. Секциялык отурумда доцент З.Каразакова “Окумуштуу Ж.Чымановдун кыргыз методикасы илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы”, доцент Т.Айбашова “Илимий макала даярдоодогу айрым маселелер”, Г.Мамадиева “Студенттердин жазуу ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнүн айрым ыкмалары”, А.Осмонова “Көркөм чыгармаларда фразеологизмдердин колдонулушу”, Ж.Максутова (онлайн), Б.Закирова “Студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн калыптандырууда тилдик каражаттарды колдонуунун айрым ыкмалары” темаларында баяндама жасашып, сертификаттарга ээ болушту.
74 11:38 01-12-2025

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|