Жанылыктар

Эл аралык кызматташтык жана туризмди өнүктүрүү

2025-жылдын 22–27-ноябры аралыгында Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучусу Кенешбаева Динара Сатыбалдыевна Өзбекстандын Ташкент, Бухара, Самарканд жана Жизак шаарларына уюштурулган туристтик сапарларга катышты. Сапардын алкагында иш-чараларга демөөрчүлүк кылган жана уюштуруучулук колдоо көрсөткөн BMB Global Sayohat компаниясы менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, экскурсиялык программаларды кеңейтүүгө жана аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар кызматташтык келишимдерине кол коюлду.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгү катары 27-ноябрда өткөн UZ EXPO көргөзмөсүнө катышуу уюштурулду. Көргөзмөдө туризм тармагындагы заманбап долбоорлор жана жаңы демилгелер сунушталып, тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана Борбордук Азиянын туристтик потенциалын кеңири жайылтууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

62 02:50 02-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|