XII аймактык студенттик илимий конференциядагы жетишкендик — педагогика кафедрасынын сыймыгы
06:01
03-12-2025
26
2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.
Бул иш-чарада педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.С. Жакупованын жетекчилиги менен филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенти К.Н. Джалалова “Этнопедагогиканын жана башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери” темасы менен катышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Бул жетишкендик кафедранын студенттеринин илимий изденүүсүнүн жыйынтыгы гана эмес, ОшМУнун билим берүү сапатынын жана чыгармачылык потенциалынын дагы бир далили болуп калды.
Педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты Г.С. Жакупованын жетишкендигин чын дилинен куттуктап, ийгиликтеринин уланышына тилектештигин билдирет.