Haber

XII аймактык студенттик илимий конференциядагы жетишкендик — педагогика кафедрасынын сыймыгы

2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Бул иш-чарада педагогика кафедрасынын улук окутуучусу Г.С. Жакупованын жетекчилиги менен филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун 3-курсунун студенти К.Н. Джалалова “Этнопедагогиканын жана башталгыч билим берүүнүн актуалдуу маселелери” темасы менен катышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Бул жетишкендик кафедранын студенттеринин илимий изденүүсүнүн жыйынтыгы гана эмес, ОшМУнун билим берүү сапатынын жана чыгармачылык потенциалынын дагы бир далили болуп калды. Педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты Г.С. Жакупованын жетишкендигин чын дилинен куттуктап, ийгиликтеринин уланышына тилектештигин билдирет.
25 06:01 03-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|