Студенттердин калдык билимин баалоо жана баштапкы билим денгээлин аныктоо боюнча отчет
06:16
03-12-2025
32
Эл аралык медицина факультетиндеги Окуу-методикалык кеңешинин төрайымы, доцент Базиева А. 2–5-курстардын студенттеринин калдык билимин жана 1-курстун студенттеринин баштапкы билимин диагностикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыктары боюнча отчетун ОшМУнун ЭаМФнин Окумуштуулар кеңешинин отурумунда баяндады.
Анализдин жыйынтыгында студенттердин даярдыгынын күчтүү жактары жана методикалык жактан өркүндөтүүнү талап кылган көйгөйлүү багыттар аныкталды. Алынган маалыматтар студенттердин базалык жана клиникалык компетенциялардын деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берди. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.