2025-жылдын 2-декабрында Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасында «Креативдик хаб» студенттик кружогунун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйынды кафедра башчысы, п.и.к., доцент Г. А. Жутанова ачып, Андижан мамлекеттик чет тилдер институтунун жетекчилигинин чакыруусу менен кружоктун мүчөлөрү жана жетекчилери аталган институт уюштурган «Маданият жана улуттар биримдиги» эл аралык фестивалына катышканын белгиледи. Ошондой эле жетекчилик тарабынан фестивалга активдүү катышкан студенттерге жана жетекчилерге ыраазычылык билдирүү менен сертификаттарды тапшыруу өтүнүчү кафедрага жолдонгонун маалымдады.
Фестивалда ОшМУнун өкүлдөрү улуттук маданиятты жана чыгармачылыкты таанытып, университеттин аброюн эл аралык деңгээлде жогорулатышты. Жыйында профессор М. Колдошов, улук окутуучу Г. С. Жакупова, кружоктун жетекчиси А. А. Жусупова жана студенттер кружоктун ишмердүүлүгү, келечеги жана пландалган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.
Педагогика кафедрасынын мындай иш-чаралары студенттердин компетенттүүлүгүн арттырып, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Кафедра келечектеги жолугушууларга бардык студенттерди чакырат.