Жанылыктар

ОшМУ Швейцариянын «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору менен меморандумга кол койду

Иш-чарага долбоорунун жетекчиси Кристиан Вагнер, билим берүү боюнча эл аралык эксперт Ханс Шустередер, долбоордун Ош облусу боюнча координатору Гүлжамал Чокморова катышты. Ал эми ОшМУ тараптан ректор Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, окуу жайдын Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов жана тиешелүү структура жетекчилери катышты.

Меморандум төмөнкү негизги багыттарды камтыйт: 

  • кыска мөөнөттүү, практикалык жана инклюзивдүү билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
  • тренерлерди даярдоо;
  • жаштардын инновациялык жана стартап демилгелерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Эки тарап келишимдин алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, тренерлерди сертификациялоо, өз алдынча баалоо механизмдерин киргизүү, текстиль жана тигүү, курулуш, айыл чарба, «жашыл» көндүмдөр боюнча кыска курстарды иштеп чыгуу, студенттер, бүтүрүүчүлөр үчүн стажировкаларды, практикалык окутууну жана карьералык колдоону уюштуруу багыттарында иш алып барышат. 

25 07:02 03-12-2025

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|