Новости

MORPH NEWS: Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү.

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү ОшМУнун Медицина факультетинде “Жаштарды СПИДден коргоо — келечекти сактоо” аттуу теманын алкагында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги уюштуруучулары морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Кенешбаев Бекболот Капаевич жана окутуучу Сатыбаев Нурлан Шайыбекович болушту. Дарылоо иши адистигинин 3-курс студенттери “Жаштарды кантип СПИДден коргой алабыз?” деген ураандын алдында СПИДдин жугуу жолдору, кош бойлуу кезде баланын саламат төрөлүшү, мифтер жана чындыктар, ошондой эле келечекти СПИДден сактоо боюнча маалыматтарды ОшМУнун Билим лицейинин 8–11-класстарынын окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын концерттик программа даярдашты. Ошондой эле 9–10-класстарынын арасында КВН оюн-зоок уюштурулуп мыкты оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыктыларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды: 1-орун — 3000 сом, 2-орун — 2000 сом, 3-орун — 1500 сом. Окуучулардын арасынан мыкты оюнчуларга грамота ыйгарылды. Билим лицейинин 9–10-класс окуучуларына концерттик конкурска катышканы үчүн, алардын жетекчиси-координатору Болушова Жоогазын Мырзабековнага, мектеп директору Азилбек уулу Истанбекке жана директордун уюштуруу иштери боюнча орун басары Аскаралы уулу Залкарбекке мындан аркы ишмердүүлүктөрүндө ийгилик, бекем ден соолук жана жүрөктөрүнө тынчтык каалайбыз. Сиздер тарбиялап, окутуп жаткан окуучулар келечегибиздин жаркын шамы боло берсин. Иш чарага активдүү катышкан студенттерге кафедра тарабынан ыраазычылык билдиребиз Алып баруучулар: Осмонова Элиза, Адилбекова Барчинай, Доклад окугандар: Абдыкадыров Адилет Толкунбекович, Мамажанов Иззатбек Махмуджанович, Кожоева Элеонора Каирбековна Худайбердиева Барчынай Абдумаликовна
26 09:01 03-12-2025

                 

Новости

|< 1 >|