"Манас" эпосунун күнүнө карата "Манасым" - менин мурасым аттуу адабий кече
04:41
05-12-2025
7
4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан “Манасым - менин мурасым” аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Кече "Манастын уулу Семетей" драмасынан сахналык көрүнуштү аткаруу менен башталып, көркөм окуу, студенттердин эпостон үзүндү аткаруусу менен коштолду. Залдагы студенттердин арасында KAXOOT менен уюштурулган сынак кызыктуу болуп, жигердүү таймашышты. Борбордогу белгилүү манасчылардан алынган соболдорго студенттер жооп беришип, өз билимдерин дагы да сынап көрүштү. Кече таланттуу кыз-жигиттердин ыр-бийлери менен коштолуп, адабият жумалыгынын алгачкы саамалыгы катары бааланды.