“Манас”эпосунун күнүнө карата "Манас" эпосу жана технологиялык доор" деген аталышта кереге кеңеш болуп өттү
04:47
05-12-2025
17
2025-жылдын 4-декабрында Ош технологиялык университетинде “Манас”эпосунун күнүнө карата "Манас" эпосу жана технологиялык доор" деген аталышта кереге кеңеш болуп өттү.
Кереге кеңешке Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасын окутуучусу, п.и.к. Тазагүл Айбашова “Улуттук кодду сактоо:
”Манас”эпосундагы улуттук дөөлөттөрдү жасалма интеллекттин негизинде окутуу аркылуу маданий иденттүүлүктү калыптандыруу”, п.и.к.,доцент Назгүл Тахирова
““Манас таануу” курсун окутууда студенттердин этнопедагогикалык, этномаданий компетенттүүлүктөрүн IT долбоорлор аркылуу калыптандыруу” деген темада мазмундуу баяндама жасашты. Иш-чаранын соңунда конок-лекция окуп, студенттер менен ой бөлүштү.