Ош мамлекеттик университетинде «СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС» XII Эл аралык студенттик илимий конференциясы ийгиликтүү аяктады!
07:10
05-12-2025
378
Ош мамлекеттик университетинде «СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС» XII Эл аралык студенттик илимий конференциясы ийгиликтүү аяктады!
2025-жылдын 29-ноябрында ОшМУнун чоң жыйындар залында салттуу болуп калган «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференциясы жогорку деңгээлде өттү.
Конференцияга Кыргызстандын 20дан ашуун жогорку окуу жайынан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан Республикасынын студенттери менен магистранттары катышты. Жалпысынан 600 дөн ашык илимий баяндама угулду.
Математика, физика, техника жана информациондык технологиялар институтунун (МФТИТ) студенттери активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
МФТИТтин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулар курамы өз студенттеринин студенттери менен сыймыктанат! Илимий ийгиликтериңер көбөйө берсин!