Жанылыктар

Улуттук оюн “Аркан тартыш” математикада!

Улуттук оюн “Аркан тартыш” математикада! ОшМУнун МФТИТ институтунун “Колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук” кафедрасынын окутуучусу, ОшМУнунун “Педагогикалык дебют -2025” конкурсунун жеңүүчүсү Калбаев Жанболот “Аркан тартыш” оюнун проораммасын иштеп чыкты. Бул оюн кыска убакыттын ичинде 1 миллиондон ашык көрүүчү чогултуп, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан социалдык тармактарында чоң популярдуулукка ээ болду. Калбаев Жанболот Искендерович: “Бул оюну заманбап форматта кадимки физикалык күчтү талап кылган оюн эми логика, тез ой жүгүртүү жана математикалык реакция менен алмашты. Салттуу аркан тартышта физикалык күч жеңишке алып келсе, бул интерактивдүү версияда акылдын тактыгы, математикалык ой жүгүртүүнүн ылдамдыгы жана билимдин күчү жеңишти аныктайт. Студенттердин эмоциясы, атаандаштыгы жана активдүүлүгү абдан жогору болду. Кадимки математикалык мисалдарды оюн форматына айландырганда окуу процесси канчалык жеңил жана жагымдуу болоорун дагы бир жолу көрдүк. Заманбап технология менен билим берүүнү айкалыштырып, салттуу оюнду санариптик форматка адаптациялоо — бул келечектеги интерактивдүү окуу процессинин маанилүү кадамдарынын бири. Биз — азыркы It технология муунунун студенттерибиз. Ошондуктан билим берүү да заман менен жарышышы керек. Оюндун максаты: Студенттердин сабакка болгон кызыгуусун жогорулатуу, теориялык билимдерди практикалык жана эмоционалдык түрдө бекемдөө. • Автоматташтыруу: Ар бир команда математикалык маселени туура чечкенде, виртуалдык аркан автоматтык түрдө ошол команданын тарабына жылат. Канчалык тез жана туура жооп беришсе, жеңишке ошончолук жакындашат! • Окууга болгон кызыгуу: Монотондуу маселе чечүүдөн айырмаланып, бул процесс студенттерди чогуу иштөөгө, тезирээк ойлонууга жана ар бир чечим үчүн жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөт. • Эмоциялар: Аудитория эмоцияга толот! Күчтүү адреналин, атаандаштык руху жана туура чечимден кийинки кубаныч – бул окуу процессин унутулгус кылат. Бул жерде ар бир студент өзүнүн билиминин команданын жеңишине канчалык чоң салым кошконун сезет! Бул жөн гана эксперимент эмес, бул – студенттеримдин сабакка болгон көз карашын өзгөртө турган кадам! Келечекте мындай автоматташтырылган оюн-зоокторду дагы да кеңейтүүнү пландап жатам.”
3434 07:44 05-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|