ЭБжМ институтунун окутуучулары эл аралык форумга катышып келишти
09:05
05-12-2025
8
27-ноябрь күнү М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети тарабынан "Аз кыймылдуу топтордун көйгөйлөрүн изилдөө" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “ Жеткиликтүү чөйрө: Кыргыз Республикасындагы инклюзивдик жана бирдей мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык форумга Экономика, бизнес жана менеджмен институтунун Социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент Н.А.Токторбекова, улук окутуучулар А.Т.Абдувапова, Н.К.Карашева, окутуучу Т.Ж.Мырзалиева активдүү катышып, Ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Форумдан кийин студенттик сынак уюштурулуп, ОшМУнун 540-200 Социалдык иштер багытында окуган студенттери тарабынан түзүлгөн "Лумина" командасы жеңишке жетишип I даражадагы диплом менен сыйланышты.