Haber

XXXIII СПАРТАКИАДА Спорттун ОРДО түрүнөн институттун курама командасы I орунду алышты

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда болуп жаткан XXXIII СПАРТАКИАДА учурда кызуу уланып, командалардын ортосундагы беттештер кыпкызыл кыл чайнаш менен өтүп жатат. Буга чейинки болуп өткөн спорттун БАСКЕТБОЛ түрү боюнча 40 ЖАШТАН ЖОГОРКУ АГАЙЛАР ортосундагы мелдеште I ОРУНДУ ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышууну колго алып ЧЕМПИОНДУК наамды илип кетишкен эле. Ушуга эле улай институттун жолборс мүнөз, беттегенин жалмаган арстан жүрөк агайлар командасы СПОРТТУН ОРДО түрү боюнча кайрадан I ОРУНДУ алып ЧЕМПИОНДУК наамды багындырышты. Алга ОшМУ, Алга ЭБжМ институтунун курама командасы! Мындан кийинки боло турган оюндарда дагы ийгилик жаратып ЧЕМПИОНДУК наамды татыктуу коргоп беришиңиздерге тилектешпиз.
9 09:24 05-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|