Haber

ОшМУ — ЧЕМПИОН!

ОшМУ — ЧЕМПИОН! 2025-жылдагы Кыргыз Республикасы боюнча жалпы орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасы жогорку деңгээлде жыйынтыкталды! 28-ноябрь жана 5-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн бул ири мелдешке 20 команда катышып, күч сынашты. Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин волейбол боюнча кыздар курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, күйөрмандардын сыймыгына айланды! Сүйүнчү кабар! ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин курама командасы — 2025-жылдын расмий ЧЕМПИОНУ! Бул жеңиш — студенттерибиздин: ✨ биримдигинин, ✨ талыкпаган аракетинин, ✨ чебер оюнунун, ✨ күчтүү командалык духунун жаркын жемиши! Машыктыруучу: Ботобекова Айнура Жоробаевна Команданын тактикасын, оюн стратегиясын мыкты деңгээлде даярдап, кыздарды жеңишке алып келген тажрыйбалуу устат! Алга, Кыргыз волейболу! Алга, ОшМУ! Алга, КМОП!
9 10:26 05-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|