Haber

XXXIII СПАРТАКИАДАДА институттун спортчулары спорттун эки түрүнөн 3-орунду багындырышты

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда болуп жаткан XXXIII СПАРТАКИАДАДА спорттун ТОГУЗ-КОРГООЛ түрү боюнча ЭЖЕКЕЛЕР ортосундагы мелдеште III ОРУНДУ жана спорттун БАСКЕТБОЛ түрү боюнча 40 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АГАЙЛАР ортосундагы мелдеште дагы III ОРУНДУ ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профессордук-окутуучулук курамынан куралган спортчулар камсыздай алышты. Жеңиш кут болсун урматтуу спортчулар! Алга ЭБжМ институтунун курама командасы! Мындан кийинки боло турган оюндарда дагы ийгилик жаратып ЧЕМПИОНДУК наамды татыктуу коргоп беришиңиздерге тилектешпиз.
11 13:25 05-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|