2025-жылдын 26–27-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин алкагында Юридикалык клиниканын 25 жылдык мааракесине арналган “Юридикалык клиникалык билим берүү: практика, технология, укуктук аң-сезим” аттуу эл аралык конференция өттү.
Бул маанилүү иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинен Укук таануу жана укук коргоо иши бөлүмүнүн башчысы жана окутуучулар —
А. К. Орозбаева, Р. Т. Жуматаева, Г. Н. Орозбаева, А. Ж. Жээнбаева жана Ж. Р. Шерматова — барып катышып келишти.
Ал эми Х. М. Мавлянова онлайн форматта катышып, өзүнүн тажрыйбасы жана пикирлери менен бөлүштү.
Конференция юридикалык клиникалык билим берүүнүн заманбап ыкмалары, студенттик практиканы өркүндөтүү, укуктук маданиятты жогорулатуу багытында эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.