Ачык сабак: "Мендель мураскерлиги жана генетикалык терминология"
09:54
06-12-2025
38
2025-жылдын 26-ноябрында ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин "Табигый илимдер жана математика" кафедрасынын окутуучусу Таиржанова М.Т. INl-8 GM2-3 агымынын студенттери үчүн "Мендель мураскерлиги. Генетикалык терминология" темасында ачык сабак өттү.
Сабакта заманбап билим берүү технологияларына таянып, интерактивдүү TBL (Team-Based Learning) усулу жана app.wizer.me платформасынын worksheet ресурсу колдонулду. Бул методдор студенттердин активдүүлүгүн арттырып, теманы терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.
Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин ой жүгүртүүсүн, анализдөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталгандыгы менен айырмаланды.