6.12.12. АГХД кафедрасынын доценти Абдирасулова Ж. А.нын 7-АТР коомдук саламаттык сактоо конгрессинде катышуусу.
08:25
07-12-2025
30
2025-жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясынын Боао шаарында Коомдук саламаттык сактоо боюнча 7-Азиата-Тынч океан конгресси жана ага параллелдүү өткөрүлгөн ЦАРЭС саламаттык сактоо иш-чарасы «Глобалдык коомдук саламаттык сактоо билим берүү чөйрөсүндө мыктылык борборлору менен ЦАРЭС өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты күчөтүү жана аймактык саламаттык коопсуздугун камсыздоо үчүн саламаттык сактоо кадрларынын потенциалын чыңдоо» темасында болуп өттү.
Конгресске ЦАРЭС программасына мүчө болгон бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышты. Кыргызстандын делегациясын төмөнкүлөр өкүлдүк кылышты:
1. Бейшебаева Зинат Ыксановна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси;
2. Шаршенова Айнаш Акыновна, медицина илимдеринин доктору, Эл аралык жогорку медицина мектебинин Коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын профессору;
3. Абдирасулова Жайнагүл Абдирасуловна, медицина илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин акушерлик, гинекология жана хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын доценти, Мыктылык борборунун жумушчу тобунун мүчөсү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин Мыктылык борбору коомдук саламаттык сактоо тармагындагы мыкты тажрыйбаларын сунуштады. Көрсөтүлгөн натыйжалар эл аралык өнөктөштөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.
Конгресстин жыйынтыгында ЦАРЭС демилгесинин алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жакынкы убакта биргелешкен долбоор ишке ашырылары тастыкталды.
Белгилеп кетсек, буга чейин Ош мамлекеттик университети аймактагы өлкөлөрдүн арасынан глобалдык коомдук саламаттык сактоо билим берүү багытындагы Топ-5 Мыктылык борборунун бири катары таанылган.