Haber

“Биз жашоодо биргебиз!” аттуу тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 5-декабрь күнү “Биз жашоодо биргебиз!” аттуу тарбиялык иш-чара менен 3-декабрь - мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамына карата педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын п.и.к., доценти Ж.М.Айдарова жана тарых-юридика институтунун, теология факультетинин 2-курусунун студенттери менен биргеликте Ош шаарындагы атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебиндеги көрүүсү начар балдар үчүн тарбиялык иш-чара өткөрүштү. Студенттер окуучулар менен бирдикте боорукердик, теңчилдик тууралуу ой-пикирлерди алмашышты, ошондой эле окуу ишмерүүлүгү жана шарттары менен кеңири таанышып, андан соң окуучулар тарабынан даярдалган чакан программалык концертке күбө болуп, мектептин жамааты тарабынан айтылган ыраазычылык пикирлерди угуп кайтышты.
204 03:50 08-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|