ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА ФЕЙК ЖАҢЫЛЫКТАРГА КАРШЫ ТУРУУ БОЮНЧА МЕДИА-СЕМИНАР ӨТТҮ
08:40
08-12-2025
8
2025-жылдын 6-декабрында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект жана фейк жаңылыктарга каршы туруу» аттуу медиа-семинар болуп өттү. Иш-чарага ОшМУнун журналистика адистигинин окутуучулары жана студенттери катышышты.
Семинардын максаты санариптик медианын өнүгүшү шартында фейк жаңылыктарды аныктоо, жасалма интеллект технологияларын туура колдонуу жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча практикалык билим жана көндүмдөрдү берүү.
Иш-чараны белгилүү медиа-тренерлер Семетей Аманбеков жана Svetlana Margolis алып барышты. Алар катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча маалымат беришти:
Жасалма интеллект жана анын медиадагы мүмкүнчүлүктөрү
Дезинформация жана фейк жаңылыктардын жаңы формалары
Санариптик технологиялар доорунда журналистиканын жоопкерчилиги
Фактчекинг ыкмалары жана манипуляциядан коргонуу жолдору
Катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, медиадагы актуалдуу чакырыктар боюнча суроолорго жооп алышты.
Семинардын соңунда катышкан окутуучуларга жана студенттерге ЕККУ тарабынан атайын сертификаттар тапшырылды.
Бул семинар ОшМУнун журналистика багытындагы студенттеринин жана окутуучуларынын профессионалдык даярдыгын жогорулатууга, маалыматтык коопсуздук жана медиа сабаттуулук компетенцияларын күчөтүүгө чоң салым кошту.