Институттун Ардагерлер кеңеши менен студенттеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү
04:42
09-12-2025
278
2025-жылдын 08-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ардагерлер кеңеши менен студенттеринин ортосунда “АРДАГЕРЛЕР САБАГЫ – СТУДЕНТТЕРДИН БАГЫТЫ” аталышында иш-чара болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
1. Ардагерлер өздөрүн тааныштыруу менен бирге тарыхый жана кесиптик тажрыйбаларын айтуу, жаш муунду мотивациялоого басым жасашты;
2. Ардагерлердин мисалында акыйкаттык, жоопкерчилик, адеп-ахлак жана патриоттук сапаттарды калыптандыруу боюнча акыл насааттар айтылды;
3. Жаш муун менен тажрыйбалуу муундун ортосунда тыгыз байланышын орноду;
4. Студенттердин кесиптик жана инсандык өсүүсүнө стимул берилди;
5. Ардагерлер кыргыз элинин салт-санаасын, баалуулуктарын жаштарга тааныштыруу жана урматтоо маданиятын калыптандырууга үндөштү.
6. Ардагерлер менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп суроолорду берүү жана пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, абдан кызыктуу жолугушуу орун алды.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
1. Эң жакшы берилген суроолорго ардагерлер тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди;
2. Жалпы ардагерлер менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды.
Урматтуу институттун ардагерлер кеңеши!
Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер студенттер үчүн нан менен суудай керек!