Haber

Ден соолук-жашоонун бактысы, дарыгер- өмүр сакчысы

2025-жылдын 26- ноябрында финансы-юридикалык колледжинин 1-курсунун студент кыздарынын ден-соолугуна кам көрүү максатында «Ден соолук-жашоонун бактысы, дарыгер- өмүр сакчысы» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйындын коноктору: Ош облустук Адам репродукциясы борбору, врач акушер-гинеколог УЗИст Мадакимова Жанылай Абдималиковна, врач, акушер- гинеколог Дуйшобай кызы Жайнагул, эл аралык билим берүү колледжинин коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары Сулайманова Гулмира Абдылаевна, Сеитбекова Нүргүл Аббибиллаевна, Юсупова Иззаткан Абдивахитовна катышып, кыздарга ден соолукка кам көрүү багытында, жаш өспүрүм кыздардын өздүк гигиенасы, туура тамактануу, үй- бүлөөнү пландаштыруу боюнча жеткиликтүү маалыматтарды жана пайдалуу кеп кеңештерди беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө студент кыздар суроолоруна жооп алышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйынтыгында кыздардын өз ден- соолугуна кам көрүүсү зарыл экендиги баса белгиленип айтылды. Жолугушуу аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А. тарабынан уюштурулду.
318 07:26 09-12-2025

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|