Жанылыктар

Конок лекция

2025-жылдын 3-декабрында МТ(б)-1-24 жана УБ(б)-1-24 тайпаларынын 2-курс студенттери үчүн ЖАК «Финка банкынын» директорунун орун басары Абдуллажанова Умидахан Усарбаевнанын катышуусунда конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара «Бизнес аналитика» дисциплинасы боюнча «Ресурстук анализ» жана «Инвестициялык башкаруу» дисциплинасы боюнча «Финансылык инвестициянын өзүнчө инструменттеринин инвестициялык сапаттарын баалоо» темаларынын алкагында уюштурулду. Лекцияда темалардын мазмуну кеңири ачылып, практикалык мисалдар менен бекемделди. Студенттер тарабынан берилген суроолор ар тараптуу талкууланып, түшүндүрмөлөр толук берилип, иш-чара жогорку кесиптик деңгээлде өттү. Конок лекцияны уюштурууда көрсөткөн колдоосу жана салымы үчүн «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын доценти А.Д. Бабаевага жана улук окутуучу О.А. Кыдыралиевге ыраазычылык билдирилет. Ошондой эле конок лекцияны өткөрүп бергендиги үчүн ЖАК «Финка банкынын» директорунун орун басары Абдуллажанова Умидахан Усарбаевнага терең ыраазычылык билдиребиз.
224 10:48 09-12-2025

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|